21.12.20

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын “Маариф” фондусунун башчысы Бирол Акгюн менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын “Маариф” фондусунун ортосунда кол коюлган, Кыргыз Республикасында жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, Бирол Акгюн мырза макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргызстанда “Маариф” фондунун кеңсеси ачылганын белгилеп, келе жаткан жылы Бишкекте билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мектеп ачуу пландаштырылып жаткандыгын кабарлады.

http://kg.kabar.kg/news/elchi-m-raliev-t-rkiianyn-maarif-fondusunun-bashchysy-menen-zholuktu/