21.12.20

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2020-жылдын 21-декабрь күнү, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Фыратты кабыл алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, министр Руслан Казакбаевдин 2020-жылдын 9-11-ноябрында, Түркияга жасаган иш сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев белгилегендей, иш сапар Түркия жана Кыргызстандын стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы көптөгөн маселелер боюнча күн тартипти жаңылап, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгиледи.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Фырат мырза, Түркия тараптын кызматташууга терең кызыгуусун тастыктап, саясий, соода-экономика жана маданият тармактарында жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керектигин билдирди.

Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ортосунда, коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Руслан Казакбаев эпидемиянын кесепеттерин жоюуга жардам бергендиги үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Түркия саламаттыкты сактоо жаатында, Кыргызстан менен кызматташууну улантарын жана боордош кыргыз элине коронавирус пандемиясына каршы керектүү жардамын берүүгө даяр экендигин ырастады.

Тактап айтканда, Түркиянын Координация жана кызматташуу агентствосу (ТИКА) Кыргызстандын аймактарында бейтапканалардын ачылышы, оңдолушу жана техникалык жактан камсыз кылынуусу боюнча долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Жеңгиз Фырат мырза Түркиянын саламаттыкты сактоо министри коронавирус пандемиясы аяктагандан кийин Кыргызстанга “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасынын расмий ачылыш аземин өткөрүүгө келе тургандыгын билдирди. Элчинин айтымында, Саламаттыкты сактоо министри өзү гана келбестен, Түркиялык медицина тармагында эмгектенген ишкерлердин тобу менен чогуу келээрин маалымдады. Түркиялык ишкерлердин  Ыссык-Көл бизнес форумуна дагы катыша тургандыгы да маалым болду.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки мамлекеттин кызыкчылыктарына шайкеш келген долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

http://kg.kabar.kg/news/tika-kyrgyzstandyn-aimaktaryndagy-beitapkanalardy-tekhnikalyk-zhaktan-kamsyz-kyluuga-daiar/