21.12.20

Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу, өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иран элчиси Саид Харрази бул жолугушуу тарыхый мааниге ээ экендигин, анткени мындан туура 29 жыл мурда ушул күнү 21-декабрда, Иран мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн таанып, эки тараптуу алакалар башталгандыгын баса белгиледи.

Облус башчысы Жарасул Абдураимов Иран мамлекети менен алакаларды жакшыртуу маанилүү экендигин белгилеп, эт таңкыстыгын жоюу үчүн Кыргызстанда тоок өндүрүү жана анын атайын азыктарын чыгаруу боюнча Иран тажрыйбасын жайылтуу боюнча долбоор иштеп жаткандыгын билдирди.

Жарасул Абдураимов: “Ош облусунун аймагында медициналык жабдыктар, беткап чыгаруучу ишкана, суусундук куюучу желим идиштердин чыгарууну пландап жатабыз. Келечекте ишке кире турган ишканаларга негизги сырьёлорду, Ирандан алууну болжоп ири долбоорлорду баштап жатабыз. Буюрса муну иш жүзүнө ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар”, - деп белгиледи облус башчысы.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyz-iran-alakalary-ke-eitilet/