25.01.21

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев 25-январь күнү, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту.

Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, туризм, киноиндустрия, айыл чарба жана башка тармактардагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Элчи Алок Амитабх Димри мырза, айыл чарбасынын даяр продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен кооперативдерди түзүү, ошондой эле Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүнүн касиеттерин изилдөө жана алардын каталогун түзүү боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Сагынбек Ибраев, Кыргызстан жана Индия биргелешкен долбоорлорун жүзөгө ашырууга жасаган тараптардын аракеттери, жакын арада ишке ашаарына ишеними бар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашышты.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyz-indiia-eki-taraptuu-dolboorlordu-ishke-ashyruu-maseleleri-talkuulandy/