25.01.21

Кыргызстандын өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн “2021-2025-жылдар аралыгында, Кыргызстанда темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө”  токтом долбоорунда жазылган.

Ал токтомдун долбоорунда, “Луговой – Балыкчы” темир жолу каттамы, Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Бул темир жолдун узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга,  261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. “Луговой” темир жол станциясы коңшу Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан.

“Луговой-Балыкчы” темир жолун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруунун негизги максаты, эки өлкөнүн темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт.

Электрлештирүү долбооруна жумшала турган каражаттын бир бөлүгү,  эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнмөкчү. Ал эми, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жолдун каттамын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын дагы тартуу пландалып жаткандыгы токтомдун долбоорунда көргөзүлгөн.

“Луговой - Балыкчы” темир жол каттамы электрлештирүүгө өткөн соң, жүк ташуучу жана жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.

Анын негизинде, атмосферанын курамында көмүртек кычкылы, азот кычкылы, күкүрт кычкыл газы, көө жана башка зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуу массасы 100% пайызга төмөндөйт.

Эскерте кетсек, “Луговой-Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү” долбоорун 2023-2025-жылдары аралыгында ишке ашыруу пландалууда.

https://sputnik.kg/economy/20210125/1051218394/kazakstanga-elektrovoz-poezdin-kattatuu.html