29.01.21

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев, Борбордук Азиядагы Түркияга тиешелүү “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги темасы “Маариф” фондунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу болду. Фонддун ишмердүүлүгү Түркиянын Анкара шаарында 2020-жылдын 10-ноябрь күнү, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда, Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча макулдашуусуна кол коюлгандан тарта жүргүзүп келет.

Түркия тараптын өкүлү билдиргендей жаңы окуу жылында, Кыргызстанда “Маариф” фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат.

Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлмөкчү. Алгачкы мектепти Бишкек шаарында ачуу пландалууда. Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болмокчу.

Министрликтин жетекчилиги фонддун ишине ийгилик каалап, министрлик катары ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар мындай мектептин ачылышы, билим берүү тармагындагы Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин мамилелеринин дагы да бекемделишине зор салым кошот деген пикирин билдиришти.

https://edu.gov.kg/ru/news/pervuyu-shkolu-v-kyrgyzstane-tureckij-fond-maarif-otkroet-v-bishkeke/