11.02.21

2021-жылдын 10-февраль күнү, Түркиянын Улуу улуттук жыйыны  (парламент) Кыргызстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында жайгашкан, Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишимин ратификациялады.

Түркиянын президенти келишимди ратификациялоо жана ушул келишимдин күчүнө кириши тууралуу мыйзамына кол койгондон кийин, оорукана андан ары толук кандуу иштеши үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Келишимге ылайык, Түркия тарабы жыл сайын  Кыргызстандык студенттер үчүн Түркиянын медициналык жогорку окуу жайларынан билим  алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, Кыргызстандагы медицина адистерин даярдоого багытталган окуу программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтмөкчү.

Эскерте кетсек, Түркиянын гранттык акча каражаты менен каржыланган заманбап клиниканын курулушу, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн координациясы менен 2016-жылдын июнь айында башталып,  2017-жылдын ноябрь айында аяктаган. Оорукана 72 орундан турат. 2020-жылы коронавирус пандемиясы эң жогорку чегине жеткен маалда, оорукана коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн убактылуу ачылган.

https://mfa.gov.kg/kg/zhogorku-menyu/press-kyzmaty/novosti/kyrgyz-trk-dostuk-mamlekettik-oorukanasy-boyuncha-kelishim-ratifikaciyalandy