03.03.21

Кыргызстандын чакан жана орто бизнесинин өкүлдөрү, ошондой эле жеке адамдар эми, Түркиянын бизнес коомчулугу менен өз ара эсептешүүлөрдү түздөн-түз “Бай-Түшүм” банкы аркылуу жүргүзө алышат. Бул тууралуу, аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.

Түркияга таандык “UPT ODEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A.S.” төлөм кызматы жана “Бай-Түшүм” банкы өз ара келишим түзүүнү пландап жатышат. Келишимге расмий кол коюу аземи 11-март күнү, Кыргызстандагы түрк ишкерлеринин жана Түркия элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда болмокчу.

 “Бай-Түшүм” банкынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Түркиялык төлөм кызматы, Кыргызстандын рыногуна кириши менен ата мекендик ишкерлер, ошондой эле жеке адамдар, Түркиянын шаарларына жана ал жактан Кыргызстанга  акча которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Башкача айтканда, Түркиянын аймагында атайы банктык эсеп ачпастан (өлкө боюнча 10 миңден ашык акча которуу пункттулары түзүлөт) эле акча каражаттарын жибере  алышат. Бул эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы  өз ара акчалай эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтөт. Мындан тышкары, жеке адамдардын (туугандар жана достор арасында) бири бирине акча которууларды тез жөнөтүү  мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга мүмкүндүк берет” - деп белгиленет.

Жогорудагы Түркияга таандык “UPT ODEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A.S.” төлөм кызматынын колдонуунун артыкчылыгы, акча жөнөтүүнүн убактысын кыскартып, которулган каражаттардын коопсуздугун жогорулатмакчы.

https://www.akchabar.kg/ru/news/zhiteli-kr-smogut-osushestvlyat-denezhnye-perevody-v-turciyu/