09.03.21

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда, Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө өкмөттүн токтомунун долбоору Жогорку кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кароосуна киргизилди.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Каржы жана экономика министринин орун басары Бекболот Алиев  9-март күнү, аталган комитеттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, уставдык капиталга салымды Өзбекстан тарап доллар түрүндө, Улуттук банкта атайы ачылган фонддун эсебине салмакчы. Фонддун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт деп билдирди министрдин орун басары.

Бекболот Алиевдин  билдиришинче, фонддун каражаттары, Кыргызстандын экономикалык маанилүү тарамактарына тиешелүү долбоорлорду каржылоого жумшалмакчы.

Аларга төмөнкү тармактар кирет:

- агроөнөр жай комплекси;

- тигүү жана текстиль өнөр жайы;

- өндүрүш тармагы;

- тоо-металлургиялык өнөр жайы;

- транспорт;

- турак жай курулушу;

- соода;

- ишкердикти өнүктүрүү;

- энергетикалык комплекс;

- инфраструктураны өнүктүрүү;

- туризмди өнүктүрүү тармактары болуп эсептелет.

https://www.tazabek.kg/news:1686927?from=portal&place=last&b=3