11.03.21. 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-март күнү, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, азыркы абалы менен келечегин, натыйжалуу өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн чараларын талкуулашты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Шавкат Мирзиёев  Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка, ошондой эле бул максаттар үчүн бардык ресурстарды колдонууга даяр экендигин билдирди.

Тактап айтканда, Өзбекстандын президенти белгилегендей, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен ишканалардын жана бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү, Кыргызстан-Өзбекстан инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу пайдалануу жана энергетика жаатында кызматташуу, чек ара маселелери жөнүндө токтолуп өттү.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен эки тараптуу өз ара байланыштардын бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан соода-экономикалык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирип, эки тараптуу соода жүгүртүүнү эки миллиард долларга чейин көбөйтүү максатында, эки өлкөнүн рынокторунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, ал биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Инвестициялык фонду түзүү боюнча жетишилген келишимдерге канааттануу менен токтолду.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташсуун жана өз ара байланыштарын комплекстүү өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттер мындан ары да улантылат деген ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанга расий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

http://kg.kabar.kg/news/zhaparov-menen-mirzieev-kyzmattashtyktyn-aktualduu-maselelerin-talkuulashty/