12.03.21

Өзбекстан Кыргызстанга 20 даана тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу, Кыргызстандын президентинин аппаратынын саясат бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы “Яшнабад” инновациялык технопаркына барышкан.

Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, экспорт үчүн товар чыгарууга ылайыкташкан өндүрүшү бар өнөр жай ишканаларынын тобун камтыйт. Кыргызстандын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматта: “Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, өндүрүш цехтерин жана өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты. Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштыруу учурунда, Өзбекстандын президенти   Кыргызстанга  20 даана тез жардам унаасы белек катары бергендигин билдирди” - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барган  болучу.

https://www.akchabar.kg/ru/news/uzbekistan-peredal-kyrgyzstanu-20-karet-skoroj-pomoshi/