16.03.2021

Кыргызстан жана Өзбекстан өнөр жай  тармагында кызматташтыкты кеңейтүү максатында “Жол картасын” кабыл алышты. Керектүү документке эки өлкөнүн өкүлдөрү коюшту. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы  билдирди.

Жалпысынан 550,4 миллион долларга бааланган 60 даана долбоорду ишке ашыруу каралган. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:

  • Алгачкы баскычында 50 миллион доллар капиталы бар Өзбекстан-Кыргызстан өнүктүрүү фондун түзүү;
  • Кыргызстандын Чүй облусунда 100 миллион доллар суммасындагы жүгөрүнү иштетүүчү ишкананы куруу;
  • Фергана облусунда жайгашкан “GeoBetonBagdad” ишканасынын  базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу;
  • 15 миллион долларлык “Кызыл-Кыя” соода-логистикалык борборун куруу долбоору;
  • 15 миллион долларлык медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды жана медициналык аспаптарды өндүрүү;
  • 12,5 миллион долларлык мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;
  • 10 миллион долларга заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;
  • Наркы 8 миллион доллар турган, Өзбекстандын Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;
  • Наркы 8 миллион доллар турган “Uni Mobile” ишканасынын базасында цемент заводун куруу сыяктуу жана башка долбоорлорду ишке ашыруу кирет.

Эскерте кетсек, “Жол картага” киргизилген долбоорлор алгач мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлмөкчү.

https://sputnik.kg/economy/20210316/1051791069/kyrgyzstan-ozbekstan-zhol-karta.htmlhttps://sputnik.kg/economy/20210316/1051791069/kyrgyzstan-ozbekstan-zhol-