17.03.21

Талас облусунда 17-март күнү, Жерүй кенинде жайгашкан алтын комбинаты ишке берилди. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ачылыш аземине, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россиянын президенти Владимир Путин катышты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал алтын кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга жана бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде Владимир Путин Таластагы алтын кен комбинатынын иштеп башташы, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жана мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, Садыр Жапаровдун пикирине толук кошула тургандыгын айтты.

Мындан тышкары, Владимир Путин Кыргызстандын бюджетине жылына 70 миллион долларга жакын каражат түшөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине жылына 4 миллиард сом акча каражаты келип түшөөрү пландалууда.

Алтын комбинанты иштеп баштагандан тартып, 1000 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болушмакчы. Кызматкерлердин дээрлик бардыгы Кыргызстандын жарандары жана жергиликтүү тургундар болмокчу.

Алтын комбинант жылына 5 тонна алтын өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Алтын чыгаруучу фабриканын иштөө кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Жалпысынан долбоорго жумшала турган инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзмөкчү.

 

https://ru.sputnik.kg/economy/20210317/1051804314/dzheruj-zhaparov-putin-fabrika.html