23.03.21

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болмокчу. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Манас” аэропортунун жетекчилиги Кыргызстандын эл аралык жана аймактык аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы өнөктөштөрдү жана инвестицияларды тартуу менен жигердүү иш алып барууда.

Бул багытта алгачкы ийгиликтүү сүйлөшүүлөр “Манас” эл аралык аэропорту жана Жалал-Абад облусундагы алтын кенин иштетип жаткан Түркиялык  “Eti Bakir A.S” компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Түркиялык инвесторлор Жалал-Абад облусунда жайгашкан “Кербен” аймактык аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүүгө ниетери бар экендигин билдиришкен болучу.

“Кербен” аэропортунун инфраструктурасын жаңылоо, кеңейтүү иштери жасалгандан  кийин жүргүнчүлөрдү тейлөө, учуу каттамдарын аткаруу мүмкүнчүлүгү жогоруламакчы.

Түркиялык “Eti Bakir A.S” компаниясы “Кербен” аэропортун модернизациялоодо өз ара пайдалуу шарттарда, түз инвестицияларды салууну пландаштыруу боюнча кызматташуунун жолдору талкууланып жатат.

Бул кызматташуунун жыйынтыгында “Кербен” аэропортунда “ICAO” эл аралык стандарттарына жооп берген жаңыланган учуп-конуу тилке пайда болот.

Реконструкцияланган аэропорт эл аралык аэропорт макамын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул кызматташтык иш  жүзүнө ашырылса  аймактар ортосунда каттаган жарандар көздөгөн жерине тез арада жетүүлөрүнө шарт түзүлөт.

Эскерте кетсек, “Eti Bakir A.S” компаниясы белгилүү “Cengiz Holding” конгломератынын курамына кирген Түркиялык ири энергетика, тоо-кендерин казып алуу, курулуш, туризм жана башка көптөгөн тармактарда иш алып барган компаниялардын финансы-өнөр жай тобу болуп саналат.

Ошондой эле компания Түркиядагы эң ири жез өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат жана өлкөнүн 8-9% пайыздан ашык керектөөлөрүн камсыздайт.

Мындан тышкары, “Eti Bakir A.S” компаниясы Түркия рыногунда электр энергиясынын болжол менен 30% пайызын өндүрөт.

http://kabar.kg/news/v-kyrgyzstane-poiavitsia-eshche-odin-mezhdunarodnyi-aeroport/