26.03.21

Кыргызстанда “Silk Way” өнөр жай паркынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу “akchabar.kg” маалымат кызматы билдирди.

“Silk Way” өнөр жай паркы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү биринчи жана ири көп функционалдуу комплекси болмокчу.

Парк Казакстандын чек арасына жакын жана “Манас” эл аралык аэропортунан 30 километр алыстыкта жайгашкан, жапысынан 70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплекси болуп калмакчы. Жаңы өнөр жай паркында   ​​соода-көргөзмө павильондору, товар сактоочу кампалар, аянттары кенен болгон кийим тигүүчү фабрикалары, бажы жана логистикалык терминалдар жайгаштырылмакчы.

“Silk Way” паркында, инвесторлорго соода, өнөр жай жана кампа жайларын ижарага жана сатып алуулары үчүн ийкемдүү шарттар түзүлүп берилмекчи.

Долбоор текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду түзүү иштерин  Кыргызстандын текстиль жана тигүү буюмдарын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө  экспорттоо боюнча лидер болгон “Alpha Cargo” компаниясы ишке ашырууда.

https://www.akchabar.kg/ru/news/v-kyrgyzstane-poyavitsya-pervyj-industrialnyj-park-silk-way/