22.04.21

Кыргызстанга  Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү коронавирус илдетине каршы, Россиянын эки компоненттүү “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозанын түзгөн биринчи партиясы Кыргызстанга келди.

Министрлик Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү уюштуруу боюнча мындан аркы ишти уланта берет.

Белгилей кетсек, вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

http://kg.kabar.kg/news/bishkekke-rossiiadan-sputnik-v-vaktcinasynyn-20-mi-dozasy-alyp-kelindi/