05.05.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 5-май күнү, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келген  мобилдик клиникаларды (беш даана) тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Норвегиянын “NORMEKA AS” компаниясынын жетекчиси Ян Карлсен жана медицина кызматкерлери катышты.

Мобилдик клиникаларды “Ислам өнүктүрүү” банкы “Фаель Хайр” программасынын алкагында алып берген. Кыргызстан бул долбоор ишке ашырылган биринчи өлкө болуп эсептелет. “Ислам өнүктүрүү” банкы аталган долбоорду ишке ашыруучу катары, тендер аркылуу Норвегиянын “NORMEKA AS” компаниясын тандап алган. Бул компания мобилдик клиникаларды Түркиянын заводдорунда өндүрүп, Кыргызстанга жеткирген.

Президент иш-чаранын катышуучуларына сүйлөгөн сөзүндө жеке өзүнүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан “Ислам өнүктүрүү” банкына жана “Фаель Хайр” фондуна кайрымдуулук жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров мобилдик клиникалар заманбап медициналык шаймандар менен жабдылганын жана бардык талаптарга жооп бере тургандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, мобилдик комплекс биринчи кезекте, Баткен облусунун бийик тоолуу райондоруна жана алыскы айылдарына берилет. Жети айдын ичинде дарыгерлер өлкөнүн жети облусун тең кыдырып, андан кийин кайрадан Баткенге кайтышат.

Долбоор 5 жылга эсептелген жана донорлор ушул убакыттын ичинде тиешелүү дары-дармектер, шаймандар жана күйүүчү май менен камсыздашат. Мындан тышкары, дарыгерлерди дагы эмгек акы менен камсыз кылмакчы. Жакынкы жылдары ушундай болгон дагы бир нече мобилдик  клиникалардын өлкөгө келиши күтүлүүдө.

Мобилдүү клиникаларда врачтар үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, компьютердик томография жана маммография, операциялык блок, рентген-шаймандары, гастроскопия, мобилдүү скрининг борбору жана башкаруу борбору бар.

Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташуу үчүн “Mercedes-Benz Sprinter” маркасындагы кичи автобустары, анын ичинде C классындагы тез жардам унаасы бар.

http://kg.kabar.kg/news/bishkekte-aimaktardyn-zhashoochularyn-daryloo-ch-n-mobildik-klinikalardy-tapshyruu-ish-charasy-bolup-tt/