05.05.21

5-май Кыргызстандын Конституция күнү. Бул күнү Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Иш-чарага мурунку президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышышты. Анда президент жаңы Баш мыйзамга кол койду.

Иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сөз сүйлөп, жаңы мыйзам долбоору кабыл алынгандыгын билдирди.

Ага ылайык, референдумга добуш бере турган жарандардын жалпы саны 3, 606 201 адамды түзгөн. Анын 36,66 пайызы (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32 пайызы (1, 048 660) Кыргызстанда  президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 пайызы (181 370) каршы добуш берген.

https://www.super.kg/kabar/news/359311/