06.05.21

“USAID” уюму  Пакистандын “TCS Logistics” компаниясы менен биргеликте, эл аралык товар ташуу боюнча “Бажы Конвенциясынын” (TIR) ​​алкагында, Борбор Азияга алгачкы жүк ташуу каттамын уюштурду.

Өзбекстанга багытталган чөптөрдөн жасалган дары-дармектер жүктөлгөн автоунаалар  Пакистандын Карачи шаарынан 2021-жылдын 29-апрель күнү жолго чыгып, “Карачи-Кабул-Термез” маршруту  менен 2021-жылдын 4-май күнү Ташкент шаарына келди.

Мындай пилоттук долбоордун негизги максаты, Борбор Азияга каттаган эл аралык транзиттик жолдордун жөндөмдүүлүгүн текшерүү жана сапар учурунда пайда болгон логистикалык көйгөйлөрдү ыкчам аныктоо болуп эсептелет. Өзбекстанга болгон биринчи каттамдын ийгиликтүү аякталышы, Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн соода тармагындагы интеграциясын  күчөтөт.

“USAID” уюму өзүнүн “Регионалдык экономикалык интеграция” аттуу долбоору аркылуу бул демилгени техникалык жана каржылык жактан колдоого алган. “USAID” уюму, Пакистан өкмөтүнө башка өлкөлөр менен  соода байланыштарын кеңейтүү үчүн  жардам берүүнү улантып келет.

https://centralasia.media/news:1700730