Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  9-июнь күнү Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен  Анкара шаарында  жолугушту.

Кыргызстандын президенттинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу тет-а-тет форматында өттү.

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстан жана Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышты.

ЖАПАРОВ ТҮРКИЯ МЕНЕН СООДА-ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  9-июнь күнү Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынында, эки өлкө ортосундагы соода-экономика жаатындагы кызматташтыкка кеңири токтолду.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, Кыргызстан жана Түркиянын Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын өткөргөн жыйындары эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат.

Бул багытта 2021-жылдын 8-9-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында, Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-жыйыны болот. Анын алкагында “Кыргыз-Түрк” бизнес-форуму өткөрүлөт.

Президент Садыр Жапаров Түркия  Кыргызстандын тышкы соода мамилелеринде өзгөчө орунду ээлей тургандыгын, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү менен кызматташууну дагы күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Президент түркиялык инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн жана Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү жеңилдиктер берилерин баса белгиледи.

Андан ары мамлекет башчысы эки өлкөнүн экономикалык байланышынын негизи катары транспорттук-логистика тармагындагы кызматташууга токтолду.

Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарандык авиация уюмдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын айтты. Түркиянын авиакомпанияларын Бишкек шаарындагы эл аралык «Манас» аэропортун Азиядагы транспорттук-логистикалык борбор катары колдонууга чакырды. Бул долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген режимге кепилдик берилет.

Садыр Жапаров мындан ары эки өлкөнүн жарандарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн алардын ишке орношуусун жөнөкөйлөштүрүү боюнча кадамдарды карап чыгуу максатка ылайыктуу болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыктын багыттарына кеңири токтолду. Ал кыргыз-түрк дипломатиялык байланыштарына быйыл 30 жыл боло тургандыгын эске салды. Буга байланыштуу президент 2021-2022-жылдары Кыргыз жана түрк маданият күндөрүн өткөрүү зарылдыгын белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы жемиштүү кызматташтыкты жана ошондой эле эки мамлекетти теӊ эл аралык стандарттарга жооп берген, жогорку сапаттуу адистер менен камсыз кылып келе жаткан биргелешкен долбоорлорду өзгөчө белгиледи. Садыр Жапаров сөзүнүн аягында: “Кыргызстан жана Түркия отуз жылдан бери эл аралык күн тартибинде турган актуалдуу маселелерге карата бирдей көз карашта болуп, орток баалуулуктарды бекем тутуп келет. Кыргызстан ар дайым эл аралык дипломатиялык мамилелерди бекем сактап, Түркия менен болгон достук жана бир туугандык карым-катнашка аяр мамиле жасайт деп ишендирип кетем”, - деп билдрип өттү.

 

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТҮРКИЯНЫН ОРТОСУНДА ЖЕТИШИЛГЕН МАКУЛДАШУУЛАР

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары   кыргыз-түрк мамилелеринин 30 жылдыгына туура келди.

Бул жылдар аралыгында, Түркия чындыгында эле Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп калды, кызматташтык системалуу жана келечекке багытталган. Бүгүн Түркия Кыргызстандын эң алдынкы   соода-экономикалык байланышы бар 5 өлкөнүн бири болуп саналат.

Ошондуктан иш сапардын көпчүлүк бөлүгү экономикалык жана соода мамилелерине арналды. Соода экономикалык маселелер мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында гана эмес, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин 5-жыйынында да талкууланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин 5-жыйынында сүйлөп жатып: “Кыргызстан кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадамдарга даяр. Түркиянын президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана башка байланыштарды мындан ары да өркүндөтүү, соода жүгүртүүнү 1 миллиар долларга чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашууга жетиштик”,-деп белгилеп өттү.

Иш сапардын алкагында бир нече макулдашууларга кол коюлду.

Аларга:

-Эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү;

-Саламаттык сактоо чөйрөсүндө эки өлкө ортосундагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги “Кыргыз-түрк достугу” мамлекеттик ооруканасын расмий түрдө ачуу;

-Өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантуу жана эл аралык «Манас» аэропортун Азиядагы транспорттук-логистикалык борбор катары колдонуу;

-2021-2022-жылдары кыргыз жана түрк маданий күндөрүн өткөрүү;

-Түркиянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү;

-Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту чыңдоо жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүү.

Кандай документтерге кол коюлду

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү.

 

САДЫР ЖАПАРОВ ТҮРКИЯГА БОЛГОН ИШ САПАРЫ ЖЕМИШТҮҮ БОЛГОНУН БЕЛГИЛЕДИ

Садыр Жапаров президент катары Түркияга алгачкы иш сапары эки өлкөгө тең жемиштүү болгонун баса белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаров: “Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Ага удаа эле кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине  30 жыл болот. Түркия мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын, достук мамилелер 30 жылдан бери жогорку деңгээлде бекем сакталып келе жатканын баса белгилейм. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууда көрсөтүп келе жаткан баа жеткис колдоосу, материалдык-экономикалык жана моралдык-гуманитардык жардамы үчүн Түркияга жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем", - деп белгиледи.

Президент эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына оң баасын берди. Атап айтканда, кыргыз-түрк кызматташуусунун көптөгөн багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы тыгыз байланыштын механизмдери иштелип чыкты.

Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында 10 миңден ашуун кыргыз студенттери Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алганын билдирип, тыгыз кызматташуунун натыйжасында бул сан мындан ары бир кыйла өсөрүнө үмүт артты.

Президент ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда 2022-жылга жылдырылган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Садыр Жапаров: “Кыргызстан Түркияда болуп жаткан окуяларга кылдат көңүл коюп, байкап турат. Биз экономикалык тармактагы, эл аралык аренадагы ийгиликтерин жана жетишкендиктерин кубануу менен кабыл алабыз. Түркиянын дүйнөлүк коомчулуктун көз алдында артып бараткан кадыр-баркын жогору баалайбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады