Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 9-11-июнь күндөрү Түркияга расмий иш сапары менен барды.

2021-жылы январь айында Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган Жапаров, Түркияга 3 күндүк иш сапары менен келди. Түркияга алгачкы расмий сапар менен барган Садыр Жапаровду президент Режеп Тайип Эрдоган расмий салтанат менен тосуп алды.

Анадолу агенттигинен алынган маалыматка караганда, Жапаров, Түркиянын президентинин кеңешчиси Фуат Октай, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Соода министри Мехмет Муш, Президенттин байланыш иштери бөлүмүнүн директору Фахреттин Алтун жана Президенттин катчысы Ибрахим Калын менен жолугушту. Жапаровду коштоп барган жогорку деңгээлдеги делегациянын курамында, Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү жана аскер кызматкерлери болушту.

Кыргызстандын делегациясынын курамы Жапаровдун башчылыгы астында, Ататүрк  күмбөзүнө гүлчамбар коюп, эскерүү китебине каалоо тилектерин калтырды.

Түркиянын президенттик сарайында, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров үчүн расмий салтанат аземи болуп өттү. Президенттик сарайдын алдындагы аянтта, Жапаровдун кызматтык унаасын тосуп алган атчан аскерлер аны кире бериш дарбазага чейин узатышты. Президент Эрдоган Жапаровду кире бериштен тосуп алды.

Президент Эрдогандын Садыр Жапаров менен биргелешкен билдирүүсү

Жапаровду Түркияда көргөнү үчүн кубанычта экендигин билдирген президент Эрдоган, Жапаровду президенттик шайлоодогу ийгилиги менен куттуктады.

Cnnturk.com маалымат сайтында берилген маалыматка караганда, президент Эрдоган жолугушуу учурунда: “ФЕТО уюму Түркия жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет. Акыркы окуялар ФЕТО уюмунун кандуу, караңгы жана жаман жүзүн дагы бир жолу ачып берди. Биз бул коркунучту биргеликте жеңебиз” – деп билдирди.

Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров президенттик сарайда өткөргөн жеке көрүшмөлөрү жана делегациялар ортосундагы жолугушууларынан кийин эки өлкөнүн ортосунда бир нече келишимдерге кол коюлду.

Келишимге кол коюу аземинен кийин сөз сүйлөгөн Эрдоган, бүгүн бир тууган жана стратегиялык өнөктөш Кыргыз Республикасы менен Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин 5-жыйынын өткөрүшкөндүгүн белгилеп өттү.

Эрдоган Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын куттуктап, Түркия мындан 30 жыл мурун Кыргыз Республикасынын эгемендигин тааныган биринчи өлкө болгонун эске салды.

Быйыл дагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөндүгүнүн 10 жылдыгы экендигин эске салган Эрдоган: “Мурунку мезгилден тартып ушул күнгө чейин Кыргызстан менен бир туугандык байланыштарыбызды чыңдай беребиз деп үмүттөнөм. Президент менен болгон жолугушууларыбызда дагы бир жолу ушундай эркибиз бар экендигин тастыктадык. Террордук уюмдарга каршы күрөшүүдөн баштап күн тартибиндеги бардык маселелерди талкууладык, айрыкча ФETO уюму жана аймактык кызматташууга басым жасадык. Сүйүктүү бир тууганымдын айтымында, бул эки өлкө үчүн тең улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет. Акыркы окуялар ФЕТО уюмунун кандуу, караңгы жана жаман жүзүн дагы бир жолу ачып берди. Бул коркунучту биргеликте жеңебиз. Президент мырзага, мен дагы бир жолу Кыргызстандын элин жана мамлекетин колдой тургандыгымды билдирдим. Биз саясий туруктуулукка жетүү жолундагы ар бир кадамыбызда Кыргызстан Республикасынын тарабында болобуз”-деп билдирди.

Режеп Тайип Эрдоган 11-апрелде Кыргызстанда өткөрүлгөн конституциялык референдумга токтолуп, Кыргызстан үчүн бул окуя  бурулуш учур болгонун белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз эли өзүнүн башкаруу системасы катары президенттик башкаруу системасына өткөндүгү артыкчылыктуу деп болот билдирди.

Жаңы системанын Кыргызстан жана анын эли үчүн пайдалуу болушун каалаган Эрдоган, жаңы системанын алып келген жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен Кыргызстандын тезирээк өнүгүшүнө ишенерин билдирди.

Эки тараптуу мамилелер мындан ары дагы бардык тармактарда уланат

Президент Эрдоган Түркия Кыргызстан менен тажрыйбаларын бөлүшүүнү жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү уланта берерин жана эки тараптуу карым-катнаштар бардык тармактарда алдыга жыларын баса белгиледи.

Апрель айынын аягында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кээ бир кайгылуу окуялар болгонун айткан Эрдоган: “Эки боордош өлкөнүн ортосундагы бул окуя бизди терең капа кылды. Биз ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жакындарын жоготкон бардык бир туугандарыбызга терең кайгыруу менен алардын туугандарына көңүл айтабыз”-деп билдирди.

Эки өлкөнүн  кыска убакыттын ичиндеги  бул маселенин жөнгө салынгандыгын айткан Эрдоган, бул көйгөйдүн эки коңшу мамлекеттин ортосунда тынчтык жолу менен чечилишин каалай тургандыгын белгилеп өттү.

Жолугушууларда соода карым-катнаштары да кеңири каралгандыгын белгилеген Эрдоган: “Бактыга жараша, азыркы учурда 507 миллион доллар деңгээлиндеги соода жүгүртүүбүз бар. Эпидемияга карабастан, бул көрсөткүч олуттуу түрдө азайган жок. Бирок, биздин потенциалыбыз алда канча жогору экендиги айдан ачык жана биздин максат соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн баардык аракетибизди жумшайбыз” – деп белгилеп өттү.

Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарынын ар тараптуу кызматташтыкта ​​алдыга жылышына ишенерин баса белгилеген Эрдоган, ташталган кадамдар менен Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары 28 жыштыкка көбөйтүлөрүн жана эки тараптуу сапарлар дагы тез-тез боло тургандыгын белгиледи.

Эрдоган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине байланыштуу таштала турган кадамдарда олуттуу тилектештик кылууну чечишкендиктерин айтты.

Эки тараптуу келишимдерге кол коюлду

Президент Эрдоган жана президент Жапаровдун ортосунда Президенттик сарайда өткөн жеке көрүшмөлөрү жана делегациялар ортосундагы жолугушуулардан кийин эки президенттин катышуусунда эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан жети келишимге кол коюлду:

  • “Өсүмдүктөрдү коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”,
  • “Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум”,
  • “Түркия Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кеңешинин ортосундагы маданий кызматташтык жөнүндө макулдашуу”,
  • “Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу”,
  • “Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда жаштар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум”,
  • “Маданият, физика жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө протокол”,
  • “Протокол жаатында кызматташуу боюнча Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум”

Бул келишимдерден тышкары, “Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө биргелешкен декларацияга” кол коюлду.