25.06.21.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев   2021-жылдын 24-июнь күнү, Түркиянын Соода министрлигинин алдындагы Халал аккредитация боюнча Комитетинин башкаруу кеңешинин төрагасы Зафер Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы халал индустрия тармагында кызматташууну жана анын алкагында, Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы “Кыргыз” аккредитация борбору менен Түркиянын Соода министрлигинин алдындагы “Халал” аккредитация боюнча комитетинин ортосунда байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) алкагында бирдиктүү стандарттарды жана эрежелерди түзүү зарылдыгын белгилешти.

Зафер Сойлу “Кыргыз” аккредитация борбору менен Түркиянын “Халал” аккредитация комитетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну сунуш кылды.

Элчи Өмүралиев бул сунушту колдоп, 2021-жылдын август айында Кыргызстанда өткөрүүсү пландалып жаткан Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун алкагында Меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstan-menen-t-rkiia-khalal-industriia-tarmagynda-kyzmattashat/