03.07.21

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин    (Милли Межлис) төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдоду.


Казакбаев Кыргызстанда боордош Азербайжан элинин ийгиликтерине жана жетишкендиктерине ар дайым кубанып тургандыгын белгиледи. Президенттин туура жүргүзгөн саясаты менен Азербайжан дүйнөлүк аренада эл аралык позицияларын кыйла бекемдегенине токтолуп, президенттик шайлоого, референдумга жана жергиликтүү кеңештерге эл аралык байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан мамилелерин талкуулашты, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри эки өлкөнүн парламенттеринин маанилүү ролун жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыгын белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Азербайжан парламентинин башчысы эки өлкөнүн күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүү маселеси тургандыгын жана Азербайжан парламенти бул келишимдер түзүлгөндөн кийин аларды ратификациялоонун тиешелүү жол-жобосун өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө Сахиба Гафарова эки өлкөнүн парламенттеринде достук мамиленин маанилүү ролун айтып, Азербайжан тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка чыгаруу зарылчылыгын белгиледи.

Жолугушуунун аягында министр Казакбаев Азербайжандын парламентинин төрагасы Сахиба Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

 

https://sputnik.kg/politics/20210703/1053092561/kazakbaev-bakudan-kajtty.html