04.09.21

Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) тиешелүү компаниялар Кыргызстанда күндөн электр энергиясын өндүргөн станцияларынын курулушуна инвестиция салууга  кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Өнөр жай жана энергетика министрлиги билдирди.

Кыргызстандын энергетика ведомстволорунун жана энергетикалык ишканаларынын өкүлдөрү, Бириккен Араб Эмираттарынын  делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргызстан тарап өлкөдөгү энергетикалык долбоорлор боюнча келген делегациянын мүчөлөрүнө кеңири маалымат беришти.

Кыргызстандын Өнөр жай жана энергетика министрлиги тараткан маалыматта: “Жолугушууда Бириккен Араб Эмираттарынын  (БАЭ) өкүлдөрү, Кыргызстанда жаратылыштан энергия алуунун  булактарынын потенциалы жогору экенин белгилешти. Алардын айтымында, “MASDAR” компаниясы күндөн электр энергиясын өндургөн станцияларын куруу үчүн инвестиция тартууга кызыкдар. Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күндөн энергия алуучу электр станциясынын курулушуна 110 миң доллар инвестиция салган болучу”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки мамлекеттин Энергетика министрликтеринин ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюу сунушталды. Учурда тараптар документтин долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

https://24.kg/ekonomika/206056_kompaniya_izoae_hochet_investirovat_vsolnechnyie_elektrostantsii_vkyirgyizstane/