10.09.21

Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча “Кыргыз-түрк” өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында, “Кыргызстан - Түркия” бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ишкерлердин жолугушуусуна министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана 90 ашуун Түркиялык компаниялардын өкүлдөрү энергетика, айыл чарба, тоо-кен өнөр жай тариактарына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Марипов бир тууган Түркия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди жана инвесторлорду өлкөгө чакырды.

Өз кезегинде Фуат Октай, Түркия мамлекети дагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр экенин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.

https://sputnik.kg/economy/20210910/1053871539/bishkekte-kyrgyz-turk-forumu-ottu.html