Бишкек /8-февраль / Кабар /. Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков Өзбекстан тышкы соода министри Жемшит Хoжaев менен жолугушуп, өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү май-ноябрь айларында 281,2 млн долларды түзгөнүн билдирди.
Өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 2016-жылга салыштырмалуу 1,6 эсе артканын билдирип, анын 133,4 миллион доллары экспорт, ал эми 147.8 миллион доллар импорт экеинин кошумчалады.
2017-жылы Бишкек жана Ташкентеги бизнес-форумдардын жыйынтыктарынын негизинде 220 млн долларлык 115 экспорт жана импорттук контракттарга кол коюлгандыгын белгилеген Новиков: "Тараптар ортосунда 2018-жылдагы бардык биргелешкен инвестицияларды баштоо боюнча макулдашууга жетишилди"- деп билдирди.
Экономика министри Кыргызстанда 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” -деп жарыялангандыктан тышкы соода-сатык потенциалын жогорулатуу жана шарттарды жакшыртуу боюнча болгон күч-аракеттердин жумшаларын билдирди.
Бүгүн, 8-февраль күнү Өзбекстандын Тышкы Соода министри Жемшит Хожаев жетектеген 25 адамдан турган делегация иш сапары менен Бишкекке келди.
Расмий жыйындан кийин эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда жолугушуу болору күтүлүүдө.