22.09.21

Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунун жыйынтында 10.3 миллион доллардан ашык 11 келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева иш-чаранын расмий жабылышында билдирди.

Аларга:

  • SPZ-Bearings жана “Кыргыз Винд Систем” ачык акционердик коомунун (ААК) ортосунда, Кыргызстанга автоунаалардын тетиктерин жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Келишим бир жылга түзүлдү жанан анын суммасы 2 миллион долларды түзөт.
  • “Hyundai Elevators Kyrgyzstan” компаниясы буга чейин Өзбекстандык “Ташпулат Строй Инвест” компаниясы менен түзүлгөн келишимдердин алкагында  1 миллион долларга бааланган лифт жабдууларын жеткирип бермекчи. Ал эми өзбекстандык компания өз кезегинде, Кыргызстанга  ушул эле суммага курулуш материалдарын экспорттойт.
  • Кыргызстанда популярдуу болгон “Академия роста” менталдык арифметика мектебинин бөлүмү жакында Самарканд облусунда ачылат. Бул Өзбекстанга таандык “ALSAEDA” жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылат.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгине коттедж-пансионат куруу боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Буга  Өзбекстандык “Ташпулат Строй Инвест” компаниясы жеке инвестор болууну көздөөдө.

Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын төрагасы эки өлкөнүн президенттери аялдардын ишкердигин колдой турганын жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек 21-сентябрь кунү, Бишкекте Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форуму өтүп,  ага эки өлкөнүн 100 ашык ишкерлери катышты.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/09/22/kr-menen-zbekstandyn-ishker-ayaldarynyn-biznes-forumunda-10-mln-dollarlyk-kelishimder-t-z-ld/