Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара райондорунда ишеним чараларын камсыз кылуу боюнча келишим күчүнө кирди.

Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин пресс кызматынын билдирүүсүндө, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара аймактарындагы ишенимди бекемдөө боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган келишимдин күчүнө киргени жөнүндө көрсөтүлгөн.

Каралып жаткан келишим, кыргыз-өзбек чек арасында тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калууга, региондогу коопсуздук жана ишенимди орнотууга багытталган. Келишим, эки өлкөнүн аймактык коопсуздук, терроризм жана наркотик сатуу, ошондой эле мамлекеттердин чек арасында заманбап коркунучтарга каршы күрөштө мыйзамсыз иммигранттарга каршы күрөшүү боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет.

Көз карандысыз жылдарда чек ара сызыгынын айынан Өзбекстан жана Кыргызстан ортосунда көп жылдык ар кандай талаштар болуп өттү. Көп убакыттан кийин чек ара сызыгыны аныктоо боюнча жаңы башталган жолугушууда өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда тараптардын макулдашуусу менен 85 пайыз чек ара сызыгынын жалпы чегин аныктоо үчүн келишимге кол коюлду.

Келишим, тараптардын ортосундагы болжол менен 1400 км ородогу чек аранын элдешүү берилген 1170 км аныктап, калган талаш 36 аймак же 217 км чек аранын аныкталышына карата иш-чаралар уланууда.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара райондорунда ишеним чараларын камсыз кылуу боюнча талкууланган келишим, 2017-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев, Өзбекстандын расмий иш сапарындагы президент Шавкат Мирзиеев менен  жолугушуудан кийин кол коюлду.

Mynet Haber