15.10.21

Түркия тарап Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүп, кадрларды даярдоого жардам берет. Бул тууралуу, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушкан. Көрүшмө учурунда, Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу  Кыргызстандан келген делегация мүчөлөрүнө, Түркиянын Ички иштер министрлигинин иштөө эрежелери менен тааныштырган.

Мындан тышкары Кыргызстандан келген делегация, Түркиянын Коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык борборунун заманбап иштөө эрежелери менен таанышып чыгышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Бообек Ажыкеев Кыргызстандын  “Инсаранг” (Insarag) куткаруу тобун (“Инсаранг” Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) карамагында турган 90дон ашык өлкөлөрдү камтыган куткаруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу маселелер менен алектенет) окутуу жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча, Түркиядан көмөк көргөзүүсүн суранды. Ошондой эле Кыргызстан Түркияны “Инсаранг”  тобуна кирүүсү үчүн насаатчы катары иштөөгө чакырды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түркия тарапка, суудан куткаруучулар кызматын кайык менен жабдуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди. Түркия тарап боордош кыргыз элин, колдоо ирээтинде техникалык жардам көрсөтүү жана адистерди окутуу боюнча даяр экендигин билдирди.

http://kabar.kg/news/mvd-turtcii-okazhet-kyrgyzstanu-pomoshch-tekhnikoi-i-v-podgotovke-kadrov/