15.10.21

2021-жылдын 15-октябрь күнү, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Подрядчылар биримдигинин башкармалыгынын төрагасы Эрдал Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Түркия тарап Подрядчылар биримдигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып, анын мүчөлөрү автоунаа жолдору, туннелдер, гидроэлектростанциялар, ооруканалар, мамлекеттик мекемелер, Түркиянын ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү аэропортторду жаңы технологиялар менен жабдыган аларды өз өндүрүшүндө колдонгон  эң ири түркиялык курулуш компаниялары экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле аталган биримдиктин башчысы өз сөзүндө, стратегиялык объектилерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргызстандын аймактарында Түркиялык компаниялардын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирди.

Өз кезегинде, министр бул маселенин Кыргызстандын өкмөттүнүн деңгээлинде көтөрүүлүүсүнө ишенээрин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирүү менен катар, курулуш тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү үчүн жакшы перспективалар бар экендигин белгилешти.

http://kabar.kg/news/turtciia-vyrazila-zainteresovannost-v-rasshirenii-deiatel-nosti-turetckikh-kompanii-i-v-regionakh-kyrgyzstana/