18.10.21

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Ош шаарындагы тигүү фабрикасынын курулушун каржылайт. Бул тууралуу, аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду  (ОКӨФ) жана “Кыргыз Текстиль Лтд” жоопкерчилиги чектелген коомунун  (ЖЧК) ортосунда 4.3 миллион долларлык кредиттик келишимге 15-октябрда кол коюлган.

Тигүү фабрикасы жылына 7 миллиондон ашык кийим-кечек тигүүгө жөндөмдүү болот. Фабрика ата мекендик чийки заттардан текстиль продукциясын өндүрүүнүн толук циклин ишке ашыра турган ири масштабдагы текстиль кластеринин биринчи этабы болмокчу.

Берилген каражатка заманбап тигүү үчүн Япония жана Европалык жабдуулар сатылып алынат. Бул текстиль кластеринин инфраструктурасынын көбү буга чейин эле 20 миллион доллардан ашык суммага “Кыргыз Текстиль Лтд” ишканасынын  жеке каражаттарынын эсебинен курулган.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун айтымында, долбоордун эсебинен 900дөн ашык жумушчу оруну түзүлөт. Бул Кыргызстандын түштүк региондорунда пахта эгүүдөн баштап, даяр продукцияны экспорттоого чейин токулган жана кийим тигүүчү ири кластерди ишке ашыруунун биринчи этабы.

Долбоор Кыргызстандын экономикасына комплекстүү таасирин тийгизет, мамлекеттик бюджетке салык жана социалдык чегерүүлөр түрүндөгү төлөмдөрдү жылына 5 миллион долларга чейин жогорулатат. Ошондой эле өлкөгө экспорттук кирешелердин агымын көбөйтөт, анткени продукциянын 90%пайызы Россияга жана Евразия Азия Экономикалык Биримдигине мүчө (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө экспорттолот.

Эскерте кетсек, учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) эсебинен түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган 2973 долбоорлор кирет. Фонд тарабынан берилген кредиттердин жалпы суммасы  384 миллион долларды түзөт.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/10/18/ok-f-osh-shaaryndagy-iri-tig-fabrikasynyn-kurulushun-karzhylajt/