22.10.21

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүлөт. Мындай билдирүүнү 21-октябрь күнү министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмеси учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард сом (11,8 миллион долларга жакын) акча каражаты бөлүнүп берилет. Өкмөт башчысынын билдиришинче, туристтик жерлерге баруучу жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Жогоруда аталган фондго кеңири ыйгарым укуктар берилет. Мекеме туристтик индустриянын объектилерин ижарага берүү, сатуу жана сатып алуу боюнча келишимдерди түзүүгө, тиешелүү объектилерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Акылбек Жапаров белгилегендей, мыйзамдарга айрым өзгөртүүлөр киргизилип, бул республикада туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү болот.

Өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү туристтик кластерлерди, Каракол шаарындагы лыжа комплексин, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы бир катар тиешелүү пансионаттарды түзүүгө жумшалат.

Премьер-министр ар бир регионго туристтер арасында уникалдуу жана оңой таанылуучу логотип түзүү иштерин дагы  тапшырды.

https://centralasia.news/11908-pravitelstvo-kyrgyzstana-vydelit-pochti-118-mln-na-razvitie-turizma.html