25.10.21

Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин демилгеси менен Кыргызстан жана Азербайжандын транспорттук коммуникациялар тармагындагы тиешелүү ведомстволорунун ортосунда биринчи видеоконференция өткөрүлдү.

Күн тартибинде эл аралык автомобиль жана аба каттамдары жана ошондой эле Баку-Бишкек авиакаттамын жандандыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоорлорун талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан жана Азербайжан эки тараптуу транзиттик автотранспорттук ташууларга уруксат бланкаларынын квотасын көбөйтүүнү, Азербайжан тараптын Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Конференциянын жыйынтыгында тараптар мындай жолугушууларды мындан ары да видеоконференция форматында үзгүлтүксүз өткөрүп турууну макулдашышты.

http://kabar.kg/news/transportniki-kyrgyzstana-i-azerbaidzhana-obsudili-mezhdunarodnye-perevozki/