18.10.21

Кыргызстандын Түркиядагы биринчи элчиси жана белгилүү кинооператор Төлөмүш Океевдин ысымын алып жүргөн “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына, Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан берилген заманбап санариптик аппараттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Салтанатка Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садик Доган, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркия кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) вице-президенти Үмит Нажы Йорулмаз, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын жетекчиси Акжол Бекболотов жана Кино департаментинин башчысы Мукталы Бектеналиев катышты.

 “Өлкөнүн эс-тутуму-анын эгемендүүлүгүнүн ачкычы”

Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садик Доган Түркия кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан Кыргыз кино архивдеринин санариптештирүү долбоорунун башталганын белгилеп жатып: “Өлкөнүн эс-тутуму, анын эгемендүүлүгүнүн ачкычы. Андыктан бул долбоор, Кыргыз элине пайдалуу жана ийгиликтүү болсун”- деп белгилеп өттү.

Түркия кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери маанилүү долбоорлорду ишке ашырганын белгилеген элчи Ахмет Садик Доган: “Неберелерибиз ата-бабаларынын өткөн жашоосунан үйрөнөт.  Ал эми, Түркия Кыргыз эли менен дайыма бирге болот”- деп билдирди.

Түркия кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда 900дөн ашык долбоорду ишке ашырды

Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) вице-президенти Үмит Нажы Йорулмаз мырза “ТИКА” уюму 1993-жылы ачылгандан бери, Кыргызстанда билим берүү, саламаттыкты  сактоо, айыл чарба, маданият, социалдык, мамлекеттик башкаруу бирдиктерин өнүктүрүү сыяктуу 900дөн ашуун  долбоорлорду ишке ашырганын белгиледи.

“ТИКА” уюмунун “Маанилүү документтерди жана эмгектерди санариптештирүү” долбоорунун ачылышында “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында чогулгандарын белгилеген Йорулмаз, долбоордун Кыргызстандын 100 жылдык архивин санариптештирип, келечек муундарга өткөрүп берүүнү максат кылганын айтып өттү.

Ошондой эле Йорулмаз, санарип медиага өткөн архивдер дагы кеңири аудиторияларга жетүүсү үчүн “Түркия радио-телеберүү мекемеси” (TRT) жана Кыргыз-Түркия “Манас” университетинин (КТМУ) алдындагы “Медиа Манас” борбору менен кызматташууга боло тургандыгын  белгиледи.

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорго кубанычта экендигин белгилеп келип: “Биз тарыхтагы абдан маанилүү долбоорду ишке ашырып жатабыз. Эми эски тасмаларды санариптик чөйрөдө көрө алуу менен эң сапаттуу түрдө элибизге көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду”- деп белгилеп өттү.

Ошондой эле Азамат Жаманкулв Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) өлкөдөгү эң активдүү иштеген уюмдардан болгондугун белгилеп жатып, долбоорду ишке ашырган уюмдун Бишкектеги координатору Осман Устага ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми лента кесүү аземинен кийин санариптештирүү (Blackmagic Design Cintel Scanner) аппараты орнотулган бөлмөдө салтанаттын катышуучуларына маалымат берилди.

“Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору Бекболотов журналисттерге берген маалыматында, архивдеринде 1941-1998-жылдар аралыгында тартылган даректүү тасмалар, расмий аземдер жана ар түрдүү иш-чаралардан турган  900дөн ашуун эмгек бар экенин билдирип жатып: “Бул өлкөнүн байлыгы. Бюджеттин жетишсиздигинен мына ушул архивдерди санариптештирүүгө жетише албадык эле. Эми Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) долбоорунун колдоосу менен архивдерди элге тартуулай алабыз”-  деп билдирди.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/tikadan-kirgizistanda-milli-sinema-studyosuna-destek/616d8dbd01a30ac824921e9f