29.10.21

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмөнүн башында мамлекет башчысы Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, боордош мамлекет экендигин белгилеп, тараптар туура 30 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттер аралык катнаштардын мыкты салттарын улантып жатканын кошумчалады.

Президент Кыргызстан жана Түркия саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгарына үмүт арткандыгын билдирди.

Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (ТОВВ) президенти Рыфат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-t-rkiianyn-palatalar-zhana-birzhalar-birliginin-prezidentin-kabyl-aldy/