29.10.21

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Соода палаталар бирлигинин вице-президенти Сельджук Озтюрк жетектеген делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулады, андан соң Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган бир катар инвестициялык долбоорлордун бет ачары сунушталды.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана олуттуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров: “Биз өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чечкиндүү каамдарды жасоого мезгил жетти деп эсептейбиз. Учурда биз экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы ири реформаларга киришүүдөбүз. Өнөр жай, айыл чарба, текстилдик өнөр жай, гидроэнергетика сыяктуу тармактардагы долбоорлорго өзгөчө басым жасалууда”, - деп белгилеп өттү.

Андан соң Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларына республикадагы алтын өндүрүүнүн потенциалы тууралуу маалымат берди.

Акылбек Жапаров: “Биз Кыргызстанда фабрика жана заводдор бир аймакта жайгашкан индустриалдык зона ачууга кызыкдарбыз. Министрлер кабинети катары аталган сунушту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тийиштүү колдоону көрсөтөбүз”, - деп кошумчалады министрлер кабинетинин төрагасы.

http://kg.kabar.kg/news/akylbek-zhaparov-t-rkiianyn-sooda-palatalar-birliginin-delegatciiasyn-krnyn-investitciialyk-potentcialy-menen-taanyshtyrdy/