29.10.21

Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр элчини дипломатиялык корпусундагы ишинин башталышы менен куттуктады. Ошондой эле, чет мамлекеттердин дипломатиялык мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын Бишкектеги өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен натыйжалуу диалогду жүргүзүү үчүн министрликтин бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле, Руслан Казакбаев 2021-жылдын 5-ноябрында өтүүчү “Евробиримдик - Борбордук Азиянын биринчи экономикалык форуму” карата даярдыктар жана форумдун алкагында уюштурулган кошумча иш-чаралар тууралуу да маалымат берди.

Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан жана Түркмөнстан эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана келечеги тууралуу да пикир алмашышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Кыргызстан менен Түркмөнстандын  ортосундагы саясий, дипломатиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорт тармагын жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде соода, инвестиция жана энергетикалык ресурстар менен камсыздоо маселелери талкууланды. Бул контекстте жакын арада соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгы белгиленди”, - деп маалымдалат.

https://kabar.kg/news/kazakbaev-i-posol-turkmenistana-obsudili-uglublenie-torgovo-ekonomicheskogo-i-investitcionnogo-sotrudnichestva/