29.10.21

Кыргызстандын Инвестициялар министрлиги Түркиянын Соода өнөр-жай жана биржалар биримдигинин (TOBB) өкүлдөрүнө 50 даана инвестициялык долбоорду Түркиянын бизнес коомчулугуна жайылтуу үчүн тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

29-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарында, Түркиянын Соода өнөр-жай жана биржалар биримдигинин (TOBB) президенти Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, ошондой эле мамлекеттик, каржы институттарынын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйыны болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Инвестициялар министри Нурадил Баясов Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады.
Түркиядан келген делегация мүчөлөрүнө жаратылыштан энергия алуу, гидроэнергетика, айыл чарба, туризм тармагындагы жана ошондой эле инфраструктуралык долбоорлор сунушталды.

Түркиянын Соода өнөр-жай жана биржалар биримдигинин (TOBB) өкүлдөрү аталган уюмдун 365 палатасы жана товар биржалары, 178 соода өнөр жай палатасы, 60 соода палатасы, 12 өнөр жай палатасы жана 1,4 миллион компанияны камтыган 113 товар биржасы бар экенин билдиришти. Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматты түрк компанияларынын арасында жайылтуу үчүн жакшы маалымат базасы бар экендигин белгилешти. Түркиянын Соода өнөр-жай жана биржалар биримдигинин (TOBB) өкүлдөрү, Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөк көрсөтүү ниетин билдиришти.

Мындан тышкары, Түркиянын Соода өнөр-жай жана биржалар биримдигинин (TOBB) өкүлдөрү, Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасын реформалоонун алкагында, кыргыз тарапка техникалык экспертиза жүргүзүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

https://economist.kg/novosti/2021/10/29/tureckim-investoram-predlozhili-50-investicionnyh-proektov-v-kyrgyzstane/