28.1021

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйылкы жылдын алгачкы  10 айында 508 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” маалымат кызматына  берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода 2018-жылы 450 миллион доллар, 2019-жылы 507 миллион доллар, 2020-жылы 507 миллион доллар, быйыл 2021-жылдын 10 айында 508 миллион доллар болгон. Элчи мырза бул маалымат, Түркия мамлекетинин статистикалык кызматы тарабынан берилгендигин билдирди. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясовдун 14-сентябрдагы маалымат жыйынында берген маалыматына ылайыкТүркия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча экинчи орунда турат. Биринчи жарым жылдыкта, Түркиядан келген инвестициянын көлөмү 62 миллион доллардан ашкан. 

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/10/28/kr-menen-t-rkiyanyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-byjyl-10-ajda-508-mln-dollardy-t-zd/