06.11.21

“Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун алкагында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыжов менен жолугушту. Бул тууралуу премерь-минстрдин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, Акылбек Жапаров Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басарына, экономикалык форумдун ишине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстан Кыргызстандын Борбор Азиядагы маанилүү экономикалык өнөктөш өлкө катары кала тургандыгын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров: “Бардык тармактарда, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыктын кеңири потенциалын канааттануу менен белгилейм. Кыргызстан Түркмөнстандан келген инвесторлор менен кызматташууга жана өз ара сооданы көбөйтүү боюнча биргелешкен аракеттерге ар дайым ачык”, - деп белгилеп өттү.

Ал эми, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыжов, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун быйылкы Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын, Кыргызстан-Түркмөнстан  кызматташтыгына жаңы жана сапаттуу импульс берүүсүнө жана эки элдин ортосундагы бир туугандык достук мамилелерди чыңдоодогу зор ролун белгилеп өттү.

Тараптар акыркы учурларда өлкөлөр ортосундагы соода көрсөткүчтөрүндө байкалган өсүшкө канааттангандыктарын билдиришти.

Акылбек Жапаров энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө айтып жатып, Түркмөнстандын жаратылыш газын жана электр энергиясын сатып алуу, Кыргызстан үчүн  мааниси бар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинин алкагында, биргелешкен “Кыргыз-Түркмөн” фондун түзүү, ошондой эле транспорттук, логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

https://kabar.kg/news/akylbek-zhaparov-i-chary-gylydzhov-obsudili-sozdanie-kyrgyzsko-turkmenskogo-fonda-i-drugie-voprosy-sotrudnichestva/