10.11.21

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кубаттуулугу 30 мегаваттка чейин жеткен 50 даана чакан гидроэлектростанция (ГЭС) ишке кирүүгө дээрлик даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал “Коммерсант” гезитине берген маегинде билдирген.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө: “Биз гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү үчүн иштей баштайбыз. Мен вице-премьер-министр болуп иштеп турганымда Москвада болуп, “Гидроэнергопроект” компаниясынын өкүлдөрүн биздин өлкөгө келүүсүн суранган болчумун. Ошентип  биз гидроэнергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Ушундай эле өтүнүч менен Санкт-Петербургдагы долбоорлоо институтуна кайрылдык. Мындан тышкары, биздин кызматкерлер Ташкент шаарында “Гидропрект” институтуна дагы барышкан”, - деп билдирди.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын гидроэнергетика тармагында эбегейсиз зор потенциалы бар экенин белгилеп, Советтер Союзунан 3,8 миллиард киловатт кубаттуулуктагы энергияны өндүрүүгө жөндөмдүү гидроэлектростанциялар калгандыгын белгилеп өттү.

Акылбек Жапаров: “Жакынкы он жылда биз 6,6 миллиард киловатт кубаттуулуктагы энергияны өндүрүүгө аракет жасайбыз. Биз бизге чейинки келген өкмөттөрдүн катасын оңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Буга чейин гидроэнергетика тармагында потенциалыбыз бар болсо дагы, биз аны көрсөтө алган эмеспиз”, - деп билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 50 кичи чакан гидроэлектростанцияларды (ГЭС) куруу үчүн участоктору даяр, жазында алар ишке кирет. Жапаров белгилегендей, чакан гидроэлектростанцияларды (ГЭС) куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну каалаган инвесторлордун көбү Россиядан.

https://economist.kg/novosti/2021/11/10/vesnoj-v-kr-nachnut-rabotu-50-malyh-ges-zhaparov/