12.11.21

Садыр Жапаров 11-ноябрь күнү Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушуу учурунда, аларга Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.

Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштээрин кошумчалады.

Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0% пайызга түшүрүлүп, киреше салыгы 10% пайыздан 5% пайызга түшүрүлөт.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Түркиянын ишкерлери Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришти.

Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/11/12/sadyr-zhaparov-t-rkiyalyk-ishkerlerdi-batken-oblusuna-investiciya-saluuga-chakyrdy/