14.11.21

2022-жылдын 1-сентябрына чейин Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду түзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.

Тышкы иштер министри, Кыргызстан үчүн кабыл алынган бир катар чечимдердин ичинен Инвестициялык фондду түзүү маанилүү экендигин белгиледи.

Руслан Казакбаев: “Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фондун түзүү зарылдыгы жөнүндөгү идея жаңы эмес, 2014-жылдан бери биздин мамлекеттердин күн тартибинде. Акыркы жылдары бул багыттагы иштер байкаларлык жанданып башталуу алдында турат деп айтсак болот. Тиешелүү министрликтерге бул каржы институтун 2022-жылдын 1-сентябрына чейин түзүү тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, биз Инвестициялык фондду Бишкекке жайгаштырууну сунуштап жатабыз. Фонддун штаб-квартирасы биздин өлкөдө жайгашат деген үмүттөбүз жана бул багытта өнөктөштөрүбүз менен иштешүүгө даярбыз”, – деп бегилеп өттү.

Мындан тышкары, өзүнчө маанилүү чечим болуп “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” стратегиялык документин бекитүү болуп саналат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри “Документти түзүү үчүн бардык Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнүн эксперттик топтору тарабынан көп иштер аткарылды, алар уюмду 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн этап-этабы менен программасын иштеп чыгышты”, – деп билдирди.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/11/14/2022-zhyldyn-1-sentyabryna-chejin-t-rk-mamleketterinin-investiciyalyk-fondu-t-z-l-t/