16.11.21

Кыргызстандын Экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев 14-ноябрь күнү, Ирандын Бандар-Аббас деңиз портунда барды. Анда Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран жана андан ары карай, Кытайга Шахид Раджай портун пайдалануу менен транспорттук коридорунун транзиттик потенциалын жогорулатуу талкууланды.

Бул маршруттук багыт аркылуу Кытайга гана эмес, Түштүк-Чыгыш Азия жана Перс булуңунун өлкөлөрүнө дагы товар ташуу сунушталууда.

Иш сапардын алкагында министр Данияр Амангелдиев Ирандын Хормозган провинциясынын губернатору Мохандес Мехди Дустин жана Шахид Раджай портунун жетекчилиги менен жолугушту. Мында экономика министри Иран багыты боюнча жүк ташуучулардын жана ата мекендик жүк ташуучулардын көйгөйлүү маселелерин айтып өттү.

Ошондой эле, тараптар Иран тарапка Кыргызстан үчүн тиешелүү инфраструктурасы бар жер тилкесин бөлүп берүү маселесин кароо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Иран Кыргызстанга эки тарапка жүктөрдү транзит жана товар жеткирүү үчүн Бандар-Аббас портунан жер тилкесин жана тиешелүү инфраструктураны берерин айткан эле.

https://economist.kg/novosti/2021/11/16/ministr-ekonomiki-posetil-port-bender-abbas-tam-kyrgyzstanu-predostavyat-uchastok-dlya-perevozok-tovarov/