01.24.22

Келечекте курула турган “Асман” шаарынын концепциясын иштеп чыгууга түркиялык адистер тартылган. Бул тууралуу, Мамлекеттик курулуш дирекциясынын директору Тимур Файзиев “Kaktus.media” сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы этапта  урбанисттер, экологдор, геологдор, архитекторлор жана башка тармактын эксперттери концепцияны иштеп чыгууга тартылган.

Тимур Файзиев: “Түркиянын “Стамбул” политехникалык университетинин  адистери биз менен тыгыз иштешет. Мисалы, жакында эле Түркиядан концепцияны иштеп чыгууга катышуу үчүн “SKY Urban Development Management” эл аралык бюросунун ээси  урбанист   Сердар Карадаг Бишкекке учуп келди”, - деп билдирди.

Ал кошумчалагандай, шаардын концепциясы иштелип чыгып, бардык бийлик органдары менен макулдашылгандан кийин курулуш иштери башталат. Мындан тышкары, жумушчу топтун бардык ишмердүүлүгү ачык айкын болот.

Тимур Файзиевдин айтымында курулуш иштери  инвестициялардын эсебинен жүргүзүлүп, аны аягына чыгаруу мөөнөтү он жылга чейин созулмакчы.

https://economist.kg/novosti/2022/01/18/k-razrabotke-koncepcii-goroda-budushhego-asman-privlecheny-tureckie-specialisty/