01.27.22

Кыргызстан жана Азербайжан өз ара ишенимге жана кызыкчылыкка негизделген эки тараптуу байланыштарын тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул тууралуу, 2022-жылдын 27-январь күнү Кыргызстандын Инвестициялар министри Нурадил Баясов Азербайжандын эксперттик тобу менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Азербайжандын  Инвестиция, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана айыл чарба изилдөөлөр тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен турган эксперттик топту Экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеп келген болучу.

Тараптар биргелешкен диалогду активдештирүү жана мындан аркы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну илгерилетүүнү макулдашышты. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун жана биргелешкен ишканаларды түзүүнүн өзгөчө ролун белгилешти. Өндүрүштүк потенциалы жана тажрыйбасы менен таанышуу максатында Азербайжандан келген делегация, “Бишкек” эркин экономикалык аймагына барышты. Мындан тышкары, Азербайжандык коноктор мамлекеттик органдар жана ата мекендик бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

https://www.tazabek.kg/news:1758993?from=tazabek&place=mainlast