28.01.22

2022-жылдын 28-январь күнү,Бишкек шаарында, Азербайжандын эксперттик тобунун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы бизнес жолугушуусу болуп өттү.

Анын алкагында ата мекендик компаниялар жана Азербайжандык делегациянын ортосунда  “B2B” жана “B2G” форматында жолугушуулар өткөрүлдү. Инвестиция, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана айыл чарбаны изилдөө тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен турган эксперттик топту Азербайжандын экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеп келди.

Эки тараптуу көрүшмөгө, Кыргызстандын Инвестициялар министри Нурадил Баясов, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов катышты.

Иштиктүү жолугушууда, Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин иш-чаранын катышуучулары  биргелешкен кызматташууну тагыраак талкуулоо үчүн эки тараптуу “B2B” жана “B2G”  форматында  жолугушууларын өткөрүштү.

https://www.tazabek.kg/news:1759150?from=portal&place=last&b=1