04.02.22

Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен Кыргызстандын Инвестиция министри Нурадил Баясов Түркияда болуп кайтты.

Түркиянын Измир шаарындагы  эркин экономикалык аймагында жайгашкан, өлкөдөгү эң ири шамал жана күндөн энергия өндүрүүчү ишканалар менен таанышып чыктты. Бул тууралуу, Инвестиция министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нурадил Баясов Түркиялык ишкерлерге, Кыргызстандын шамал жана күн энергиясынын потенциалы тууралуу маалымат берип, компанияларды өлкөгө инвестиция салууга үндөдү.

Кыргызстандын Инвестиция министрилигин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Өз кезегинде түркиялык өндүрүүчүлөр Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Измир шаары Түркиянын күн жана шамал электр станцияларын эң ири өндүрүүчүсү болуп саналат.

https://economist.kg/novosti/2022/02/04/nuradil-bayasov-prizval-vetryanye-i-solnechnye-kompanii-turcii-investirovat-v-kyrgyzstan/