04.02.22

Түркиянын Измир шаарына  болгон иш сапарында, Кыргызстандын Инвестициялар министри Нурадил Баясов Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр жана ишкерлер ассоциациясы (ENSIA) өкүлдөрү менен “Жаратылыштан энергияны алуу жана анын булактарын өнүктүрүү жана бул жаатта кызматташуу жөнүндө” эки тараптуу меморандумга кол койду.

Меморандумга ылайык, Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр жана ишкерлер ассоциациясы (ENSIA) Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу жана бул тармактын потенциалын аныктоо  максатында, Кыргызстанга иш сапары менен келет. Иш сапар үстүбүздөгү жылдын апрель айына пландаштырылган.

Мындан тышкары, Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр жана ишкерлер ассоциациясы (ENSIA) Кыргызстандын жашыл энергетика секторун өнүктүрүү боюнча ар кандай консультациялык кызматтарды көрсөтмөкчү.

Ошону менен катар, Нурадил Баясов Измир шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

https://kabar.kg/news/turtciia-rassmotrit-vozmozhnost-stroitel-stva-solnechnykh-i-vetrianykh-elektrostantcii-v-kyrgyzstane-podpisan-memorandum/