08.02.22

Өзбекстан Кыргызстандын  аймагында акылдуу эсептегичтерди чыгаруучу биргелешкен ишкана ачууну пландап жатышат. Бул тууралуу,  “Tazabek” маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстандын Улуттук энергетикалык холдингинин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев, Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында, “Узэлектраппарат-Электрозашита” жана “Аймактык электр тармактары” электр энергиясын эсепке алуу приборлорун чыгаруучу энергетикалык компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жумушчу сапарынын алкагында, Талайбек Байгазиев “Аймактык электр тармактары” компаниясынын төрагасынын биринчи орун басары Жахонгир Обиджанов менен жолугушуп, Хива шаарынын четиндеги конуштардагы керектөөчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар менен таанышты.

Ошондой эле  автоматташтырылган электр энергиясын контролдоочу жана эсепке алуучу системасын (ASKUE) киргизүүнүн жолдору менен таанышып чыкты.

Бүгүнкү күндө, Өзбекстандын Улуттук энергетикалык холдинги менен биргеликте электр энергиясын эсепке алуу приборлорун сатып алуу жана Кыргызстанда электр эсептегичтеринин аппаратын өндүргөн биргелешкен ишкана ачуу боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы кызматташуунун мындан аркы пландары аныкталды.

https://centralasia.media/news:1761187